Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусуМанас району 03.10.2016 09:27

Манастагы мугалимдер сарык оорусунан сактануунун жолдорун үйрөнүштү

Turmush -  Манас районуна караштуу Покровка айылында мугалимдердин катышуусунда сарык оорусун алдын алуу боюнча тегерек стол өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Ч.Сагындыкова мугалимдерге азыркы тапта сарыктын «А» түрү 14 жашка чейинкилердин арасында күч алганын эскертип, санитардык нормаларды сактоо, жугуштуу ооруларды токтотуу жолдорун үйрөттү.

Иш-чарада Манас районунун аймагында 17 бала сарык оорусу менен ооруп жатканы белгилүү болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×