Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуБакай-Ата району 05.10.2016 15:43

Боо-Терек айылындагы кесиптик лицейге 150 окуучу кабыл алынды

Turmush -  Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылындагы № 41 кесиптик лицейге быйыл 150 окуучу кабыл алынды. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти. Алардын айтымында, окуучулар тикмечи, ашпозчу жана трактор-машинист, фермер, электр ширетүүчү кесиптерине ээ болушат.

Лицейде билим берүү үчүн техникалык базасы чыңдалып, толук шарттар түзүлгөн. Базада 3 автоунаа, ар кандай үлгүдөгү 7 трактор, 10 айыл чарба техникалары жана 4 гектар жер тилке бар.

Окуу жай 1979-жылы негизделген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×