Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусуБакай-Ата району 06.10.2016 09:14

Бакай-Ата райондук ооруканасы 1 кылым мурда негизделген (фото)

Turmush -  Бакай-Ата райондук ооруканасы 1910-жылы курулган. Аймактык кабарчы оорукананын таржымалын тактады.

Дарыгерлердин айтымында, 18 адамга ылайыкташтырылган мекеме Регер аттуу көпөстүн демилгеси менен салынган. Алгач Бон Дантис аттуу фельдшер жана анын акушер жубайы Жанна иштеген. 1937-жылдан тарта мекеме Ленинполь райондук ооруканасы болуп, хирургия, терапия, төрөт бөлүмү, балдар бөлүмү иштей баштаган.

1972-жылы оорукана кеңейтилип, 40 адамга ылайыкташтырылган. Ал эми 1987-жылы 2 кабаттуу эмкана курулуп, 1992-жылы жаңы типтеги жугушту ооруулар бөлүмү, кайра жандандыруу бөлүмү ачылган. 1995-жылы 40 адамга ылайыкташтарылган хирургия бөлүмү курулган. 1 кылымдан ашык тарыхы бар оорукана учурда 83 орундуу.

Бакай-Ата районунда 44 миң 876 адам жашайт. Учурда райондо 9 үй-бүлөлүк дарыгелер тобу, 9 ФАП бар. Аталган мекемелерде жалпы 340 дарыгер иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×