Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусу, Талас 27.10.2016 09:06

Талас облусу 35 өлкө менен соода жүргүздү

Turmush -  Тышкы соода жүгүртүүдө 2016-жылдын январь-август айларында Талас облусу дүйнөнүн 35 өлкөсү менен кызматташты. Бул тууралуу облус жетекчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, экспорттук жөнөтүүлөрдүн баасы 1678,8 млн сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 936,7 млн сомго көбөйдү. Облустун продукцияларынын негизги керектөөчүлөрүнөн болгон:

Европа өлкөлөрүнөн: Болгарияга – 98,2 млн сом, Босния жана Герцеговинага – 6,1 млн сом, Германия – 1,4 млн сом, Грузияга – 42 млн сом, Литва – 2 млн, Македонияга - 39,5 млн сом, Румынияга - 4,9 млн сом, Сербияга - 135,1 млн сом, Словения – 1,1 млн сом, Черногорияга - 16,7 млн сомдук продукциялар жөнөтүлдү.

Азия өлкөлөрүнөн: Афганистанга – 1,2 млн сом, Ирак – 4,7 млн сом, Түркияга – 793,2 млн сом, Иранга – 19,1 млн сом, Малайзия – 0,041 млн сомдук продукциялар жөнөтүлдү.

Экспорт боюнча облустун негизги өнөктөштөрү болгон КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Россияга – 58,8 млн сом, Казакстанга – 13,1 млн сом, Түркмөнстанга – 4,1 млн сом, Беларусь Республикасына – 2,7 млн сом, Молдова – 3,0 млн сом, Өзбекстанга – 431,1 млн сомдук продукциялар жөнөтүлдү.

Импорттук түшүүлөр облус боюнча 1293,9 млн сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 266,5 млн сомго көбөйдү, деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×