Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусу, Талас 27.10.2016 11:33

Таластагы №5 мектеп жылыбай, окуучулар 30 мүнөттөн окуп жатат (фото)

Turmush -  Талас шаарындагы №5 мектептин окуучулары имараттын сууктугуна байланыштуу сабактарды 30 мүнөттөн окуп жатышат. Бул тууралуу мектептин мугалимдери жана ата-энелер билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, аймакка үчүнчү жолу кар жааса да жылуулук бериле элек. 2016-жылдын май айында башталган оңдоо иштери али бүтө элек. Качан бүтөөрү да белгисиз.

«Балдар суукта отуруп сабак окуп, ооруп башташканда 30 мүнөттөн окутууга туура келди», - дешти мугалимдер.

Ал эми оңдоо иштерин аткарып жаткан курулушчулар жумушту кийинки жумада аяктайбыз деп ишендиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×