Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуТалас району 27.10.2016 13:02

Аралдагы китепкана «Мыкты айылдык китепкана» деп табылды (фото)

Turmush -  Талас облусунун Арал айылындагы китепкана «Мыкты айылдык китепкана» деп табылды. Бул тууралуу китепкананын кызматкери Гүлнара Жаналиева билдирди.

Анын айтымында, учурда анда 8054 даана китеп бар. Антсе да кыргыз тилиндеги китептер жетишсиз. Жыл сайын 23-апрель — Китеп күнүндө атайын марафон өткөрүп, китеп чогултуп келишет.

Айылдын тургуну Кудайберген Асыранов китепканага ыраазычылык билдирди.

«Биз айылдык китепканага муктажбыз. Учурда үйдө жумуш жок отурабыз. Андыктан китеп окууга көп келебиз. Бизге ушундай шарт түзүп жаткан китепканачыга ыраазыбыз», - деди ал.

Арал айылында 4 миңден ашык адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×