Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусу, Талас 27.10.2016 14:45

Таластагы №5 мектептин оңдоо иштери бүткөн күнү жылуулук берилет, - мэр А.Кушубеков

Turmush -  Талас шаарындагы №5 орто мектебинде оңдоо иштери аяктаса окуучулар сабактарды толук кандуу окуп башташат. Бул тууралуу Талас шаарынын мэри Анарбек Кушубеков билдирди.

Анын айтымында, мектептин имаратында жылуулук системасын оңдоо иштери аткарылып жаткандыгына байланыштуу окуучулар 30 мүнөттөн окуп жатат. Аталган мектепте жылуулук системасын алмаштырууга Билим берүү жана илим министрлиги каражат бөлүп, тендер уюштурган.

«Биз колдон келген аракетти жасап жатабыз. Бирок курулуш иштерине кирише албайбыз. Себеби каражаттар Билим берүү министрлиги тарабынан каржыланган. Оңдоо иштерин качан бүтүрүшсө жылуулукту ошол күнү беребиз», - деди ал.

Буга чейин аталган мектептин мугалимдери мектепке жылуулук берилбей окуучулар ооруп, сабактар 30 мүнөттөн гана өтүлүп жаткандыгын билдиришкен.

Таластагы №5 мектеп жылыбай, окуучулар 30 мүнөттөн окуп жатат (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×