Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусу, Талас 28.10.2016 14:34

Таластагы өнүктүрүү фонду 170 млн сом каражатка ээ болду

Turmush -  «Жерүй» алтын кенинен Талас облустук өнүктүрүү фондуна 170 млн 302 миң 200 сом түштү. Бул тууралуу облустук өнүктүрүү фондунун төрагасы Чолпонкул Төрөкулов билдирди.

Анын айтымында, облустук фондго түшкөн акча каражатын максаттуу пайдалануу, айыл өкмөттөрдөн жана облустук, райондук мекемелерден өндүрүштүк, социалдык багыттагы келип түшкөн долбоорлорду дыкат изилдеп, каржылоого алуу үчүн 9 адамдан турган фонддун башкармалыгы түзүлгөн. Ошондой эле байкоочу кеңеш түзүлүп, өз ишин баштады.

Учурда фондго облустун айыл аймактарынан өндүрүштүк багытта чакан ишканаларды куруп, жумушчу орундарды түзүү жана социалдык багытты өнүктүрүү боюнча долбоорлор бериле баштады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×