Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусу, Талас 01.11.2016 17:00

Таластык дыйкан 7 гектардагы алмадан 80 тонна түшүм алды

Turmush -  Бүгүн, 1-ноябрда Талас шаарында «Бизнес кеңеш» долбоорунун алкагында жыйын өттү. Иш-чарага «Рыскул ата» дыйкан чарбасынын ээси Данияр Султаналиев катышып, багбанчылыктын сырларын айтып берди. Ал багбанчылык менен 20 жылдан бери алектенет. Алманын түшүмүн 460 кубдук муздаткычка сактайт.

«1 гектар жерге алма өстүрүп, түшүмүнөн жылына 1 млн сом тапса болот. Алманын Польша, Сербия мамлекеттеринен алынып келген көчөттөрү жакшы. Себеби түшүмдү эрте жана көп берет. Таластыктар төө буурчак эгип көнүп калган. Бирок төө буурчактын 1 гектарынан 1 млн сом таба албайсың», - деди ал.

Багбан буга катар эле келген конокторго алманын көчөтүн отургузуу, сугаруу, дарылоо, бышкан мезгилде жыйнап алуу боюнча кеңештерин айтты.

Ал учурда 7 гектар жердеги бакчасынан 80 тонна түшүм алып, муздаткычка сактап койду. Түшүмдү жазында сатууну пландап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×