Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусу, Талас 02.11.2016 16:15

Таласка Түштүк Кореядан инвесторлор келишти (фото)

Turmush -  Бүгүн, 2-ноябрда өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Даир Кенекеев Түштүк Кореядан келген инвесторлор менен жолугушту. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Д.Кенекеев Талас облусунда инвестициялык мүмкүнчүлүктөр арбын экенин айтып, туризм, өнөр жай, айыл чарба тармагында кайра иштетүүчү заводдорду куруу өңдүү долбоорлорду сунуштады.

Өз кезегинде инвесторлор келечекте кант кызылчасын, төө буурчакты кайра иштетүү багытындагы ишканаларды курууга кызыкдар экенин белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×