Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусу, Талас 02.11.2016 17:28

Таласта 133 адамга 29,2 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

Turmush -  Талас облусунда ушул жылдын январь-сентябрь айларында 13720,4 млн сомдук дүң продукция өндүрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, «Айыл чарбасын каржылоо-4» долбоорунун алкагында 133 адамга 29,2 млн сом жеңилдетилген насыялар берилди. Жер-жерлерде чакан жана орто ишканаларды ачууну жайылтуу максатында 3 ай аралыгында 21 ишкана ачылып, 171 адамга жаңы жумушчу орун түзүлдү. «Арзан турак жай 2015-2020» долбоорунун алкагында «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКка облус боюнча 281 жарандын тизмеси тапшырылып, учурда 8 жашоочуга 4,36 млн сом ипотека берилди.

Быйылкы жылы облус боюнча 19 мектеп курулуп жатат. Жылдын аягына чейин Кызыл-Сай, Козучак жана Аманбаев айылдарындагы 3 мектепти пайдаланууга берүү күтүлүүдө.

Учурда 8 айыл аймакта 40 даана техника сатылып алынып, райондун аймагында 7 МТС ишке киргизилди. Мындан тышкары, 8961,2 миң сомго 3 футбол аянтчасы курулду.

Үстүбүздөгү жылы 9355 гектардан 25671,9 тонна кылкандуу дан эгиндери жыйналды. Төө буурчакты сатып өткөрүү боюнча ички рынокто 25-30 фирма жана жеке ишкерлер иштеп, тазаланбаган төө буурчактын баасы 48-50 сомду түзсө, «лопатка» сортунун тазасы 50-55 сомду түзүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×