Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуКара-Буура району 14.11.2016 09:21

Кара-Буурада «Бирге окуйбуз» долбоорунун алкагында сабактар өттү (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Манас орто мектебинде «Бирге окуйбуз» долбоорунун алкагында окуулар өттү. Бул тууралуу долбоордун программалык координатору Зухридин Саадабаев билдирди.

Анын айтымында, өткөрүлгөн ачык сабактарга аталган райондун баардык мектептеринен келген мугалимдер катышып, сабак өтүүдөгү жаңы ыкмаларга күбө болушту. Иш-чарага мугалимдер, окуучулар, ата-энелер катышты.

Учурда облустагы 114 мектептин 77 мектеби ушул долбоор менен иштешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×