Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусуКара-Буура району 14.11.2016 09:32

Кара-Буура районунда транспорт салыгы 160% аткарылды

Turmush -  Кара-Буура районунда 2016-жылдын 9 айында транспорт салыгы 160%га аткарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Буура райондук башкармалыгынын жетекчиси Канат Мамадалиев билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттин киреше бөлүгүн толтуруу үчүн быйыл аталган кызматка салыктын бир нече түрлөрү боюнча 11 млн сомдон ашык каражат топтоо планы бекитилип, ал толугу менен аткарылды. Жер салыгы менен мүлк салыгы берилген пландан ашыгы менен аткарылган.

Ар кандай себептерден улам райондогу сүт иштетүүчү 2 ишкана ишин токтотууга мажбур болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×