Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусу, Талас 16.11.2016 10:58

Таласта төө буурчак сатуучулар Бажы кызматына нааразычылык билдиришти (фото)

Turmush -  Таласта төө буурчак сатып алып экспорттоо менен алектенген ишкерлер Бажы кызматы тарабынан жаралып жаткан тоскоолдуктарга нааразы болушууда.

Индивидуалдуу ишкерлер менен жеке ишканалардын 20га жакын өкүлдөрү өкмөт башчыга, Жогорку Кеңештин депутаттарына, Башкы прокуратурага, Бажы кызматынын жетекчисине, Талас облусунун жетекчисине кайрылуу жолдошту.

Кайрылууда буга чейин экпорт жөнөтүү үчүн керектүү документтер Талас шаарында 2-3 сааттын ичинде даяр болуп келгендиги айтылат. Сатып алуучулардын айтымында, 1 жума мурда Бажы кызматы документтерди каттабай, ишкерлер менен айдоочуларды Талас шаарынан 90-100 км алыстыктагы Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылына барууга мажбурлап жатышат. Бирок ал жакта керектүү кампалар, таразалар жок. Мындай аракеттерге карантиндик инспекция, Соода-өндүрүштүк палата да нааразы.

Төө буурчак экспортчулардын айтымында, Бажы кызматынын мурдагы кызматкери К.Ж. ишкана ачып, «бирдиктүү терезе» убадалап жатат. Эми ишкерлер экспорттук документтерди толтуруу үчүн жеке менчик ишканага 2600 сомдон төлөп жатышат. Мурда ар бир мамлекеттик органга 300 сомдон 500 сомго чейин төлөп келишкен.

Нааразы болгон ишкерлерди Талас облусунун жетекчиси Даир Кенекеев кабыл алды. Ишкерлер Бажы кызматы кайсы токтомдун негизинде иш алып барып жатканына жооп ала алышкан жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×