Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусу, Талас 16.11.2016 14:18

Таластык окуучулар геометрия, биология боюнча эл аралык олимпиаданын 3-орунун ээлешти (фото)

Turmush -  Талас шаарындагы Манас ата-Себат балдар лицейинин окуучулары эл аралык олимпиададан 3-орундарды багындырышты. Олимпиадага Бегалы Чикетаев геометрия сабагынан, Даян Мэлисов биология сабагынан катышкан. Бул тууралуу аймактык кабарчыга лицейдин мүдүрү Ильяс Арслан билдирди.

Анын айтымында, эл аралык олимпиада 2016-жылдын 17-июлунан 22-июлуна чейин Вьетнам мамлекетинде өткөн.

«Талбаган аракет, сапаттуу билимдин аркасында окуучулар мындай эл аралык деңгээлдеги олимпиадаларда ийгилик жаратып жатат. Алардын мугалимдери жана ата-энелеринин эмгегин унутпоо керек», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×