Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусу, Талас 16.11.2016 16:02

Таластагы логистикалык борбордун өкүлдөрү ишкерлердин нааразычылыктарын четке какты (видео)

Turmush -  Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы логистикалык борбордун түзүлүшү эл аралык стандартка жооп берет. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда АКИпресс-Талас маалымат борборундагы маалымат жыйында логистикалык борбордун өкүлү Кубаныч Жамакеев билдирди.

Анын айтымында, Таласта төө буурчак сатуу менен алектенген ишкерлер айткан билдирүү чындыкка дал келбейт. Логистикалык борбор 2016-жылдын август айында каттоодон өтүп, иш жүргүзүп баштаган. Имараттын түзүлүшү жана баардык тийиштүү иш кагаздар эл аралык стандартка жооп берет.

«Биз Бажы кызматына тиешелүү эмеспиз. Болгону алар менен биргеликте иштейбиз. Жакында логистикалык борбордун ачылышы менен Таласта төө буурчак сатып алып экспорттогон ишкерлерди чогултуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Бирок, 2 гана ишкананын өкүлдөрү келди. Башкасы көңүл бурган жок. Бажы кызматы тарабынан жасалып жаткан иштин баары мыйзам чегинде болууда», - деди ал.

Кубаныч Жамакеев буга катар эле ишкерлерге көп сунуштарды беришкендигин белгиледи.

«Биздин мекеме баардык иш аракеттерди мыйзам чегинде жасап жатат. Мисалга алсак, ал ишкерлерге көптөгөн сунуштарды бердик. Кызмат сунуштадык. Бирок, уккусу келген жок. Биз алардын Манас районуна баруусун каалаган жокпуз. Болгону айдоочусуна баардык тийиштүү документтерин берип коюшсун. Биз каттоодон өткөрүп беребиз. Борбордо тараза, 100 унаа баткандай кампа бар.

Биз эмне себептен ал жерге логистикалык борбор ачтык? Себеби Талас облусунун 99% товарлары экспортко Казакстан аркылуу кетет. Импорт товарлар да ошол жер менен өтөт. Ошол себептен логистикалык борборду жол жээгине ачканбыз. Бизде карантиндик инспекция, Соода-өндүрүштүк палата да бар», - деди Жамакеев.

Мурда индивидуалдуу ишкерлер менен жеке ишканалардын 20га жакын өкүлдөрү   өкмөт башчыга, Жогорку Кеңештин депутаттарына, Башкы прокуратурага, Бажы кызматынын жетекчисине, Талас облусунун жетекчисине кайрылуу жолдошкон. Алар кайрылууда буга чейин экпорт жөнөтүү үчүн керектүү документтер Талас шаарында 2-3 сааттын ичинде даяр болуп келгендиги билдиришкен.

Сатып алуучулардын айтымында, 1 жума мурда Бажы кызматы документтерди каттабай, ишкерлер менен айдоочуларды Талас шаарынан 90-100 км алыстыктагы Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылына барууга мажбурлап жатышат. Бирок ал жакта керектүү кампалар, таразалар жок. Мындай аракеттерге карантиндик инспекция, Соода-өндүрүштүк палата да нааразы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×