Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусу 21.11.2016 15:58

Чалдыбардагы мектеп интернатта 320 бала тарбияланууда

Turmush -  Талас облусундагы Чалдыбар мектеп-интернатында учурда 320 бала тарбияланып, 54 мугалим иштеп жатат. Бул тууралуу интернаттын директору Шаршенбек Конгайтиев билдирди.

Анын айтымында, интернат 1929-жылы балдар үйү катары ачылган. 1991-жылы жалпы орто билим берүүчү мектеп интернаты, 1995-жылдан тартып жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн мектеп-интернаты болгон.

2014-жылы балдардын коопсуздугун жакшыртуу максатында интернаттын айланасына видеокамералар орнотулган. Интернаттын имараты менен жатаканасы быйыл 256 миң сомго оңдолду.

Мектептин кармагында 40 бодо мал бар. Малдын кирешеси окуучуларга сарпталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×