Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусу, Талас 21.11.2016 17:28

Талас шаардык кеңешине ат салышкан партиялар меморандумга кол коюшту

Turmush -  Талас шаардык кеңешине ат салышып жаткан 7 саясий партия шайлоону таза өткөрүү максатындагы меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Меморандумга кол коюу иш-чарасына Борбордук шайлоо комиссиясынын, облус жетекчилигинин, партиялардын өкүлдөрү катышты.

Саясий партиялардын өкүлдөрү алдыдагы шайлоого чейинки үгүт иштерине байланыштуу такталбаган маалыматтарды колдонбоо, адамдын жеке укуктарын басмырлабоо, саясий жарышта бири-бирин сыйлоо, добушту сатып албоо жөнүндөгү меморандумга кол коюшту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×