Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусу, Талас 28.11.2016 09:20

Талас облусунун жетекчилиги Жамбыл облусуна иш сапар менен барды (фото)

Turmush -  Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Даир КенекеевКазакстандын Жамбыл облусунун Тараз шаарында өткөн инвестициялык форумга катышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жолугушууда кыргыз-казак карым-катыштарынын негизги багыттары жана эки мамлекеттин мындан аркы биргелешкен иштери тууралуу сөз болду.

Карим Көкрекбаев Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда тарыхый тыгыз достук жана кызматташтык бар экендигин белгиледи.

«Сиздердин облус биздин жакын коңшубуз жана өнөктөшүбүз. Биздин ортобузда эч кандай чечилбеген маселе болбошу керек, мамиле үлгүлүү болушу кажет. Дүйнөдөгү жөнөкөй эмес экономикалык жана саясий кырдаалды эске алып, биз бирге болушубуз зарыл», - деди ал.

Жамбыл облусунун акими Карим Көкрекбаев, Алматы облусунун акими Амандык Баталов жана Талас облусунун жетекчиси Даир Кенекеев Тараз шаарынын бир катар маданий аймактарында болушуп, облус атын алып жүргөн Жамбыл Жабаевдин эстелигине жана казак хандыгынын 550 жылдыгына арналып тургузулган монументке гүл чамбар коюшту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×