Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусу, Талас 11.12.2016 11:10 На русском

Талас шаарында 2 саатта 1300дөн ашык шайлоочу добуш берди

Turmush -  Талас шаарында саат 08:00-10:00 аралыгында референдумга 663 шайлоочу, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого 679 адам катышты. Бул тууралуу кабарчыга БШКнын Таластагы атайын өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Талас облусундагы бардык 116 шайлоо участокторунда Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү боюнча референдум жана 113 участокто жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо уюшкандыкта башталды. Облус боюнча жергиликтүү кеңештерди шайлоого добуш берүү үчүн 126,2 миң шайлоочу жана референдумга 130,9 миң шайлоочу катталган.

Бүгүн эртең менен саат 08:00дө Талас шаарындагы №6108 шайлоо участогунда шайлоо Кыргыз Республикасынын гимнин аткаруу менен салтанаттуу башталды. Бул участокко алгачкылардан болуп өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Даир Кенекеев добуш берди.

Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, Кара-Буура району боюнча 107 мандатка 358 талапкер, Манас районунда 75 мандатка 194 талапкер, Бакай-Ата району боюнча 129 мандатка 390 талапкер, Талас районунда 193 мандатка 489 талапкер катталган. Ал эми Талас шаардык кеңешин шайлоого жалпы 7 партиянын талапкерлери ат салышууда.

Бүгүн, 11-декабрда Кыргызстанда 22 шаардык жана 389 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өтүп жатат. Саат 08:00дө башталган добуш берүү саат 20:00дө аяктайт.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×