Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуКара-Буура району 15.12.2016 09:09 На русском

Кара-Буурада мугалимдер, окуучулар, ата-энелер катышкан семинар өттү (фото)

Turmush -  Кара-Буура районундагы А.Сулайманов атындагы орто мектепте «Бирге окуйбуз» долбоорунун алкагында «Окуу, билим көп нерсеге жеткирет, бул экөөнөн урмат-сыйды көп көрөт» семинары өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Мектептин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Жылдызкан Туйтееванын айтымында, семинарга тажрыйба алмашуу үчүн райондун башка мектептеринин мугалимдери чакырылган. Анда, кыргыз элинин улуттук мурастары, каада-салттары боюнча окуучулардын арасында сабактар болуп, ага ата-энелер да катышты. Учурда бул долбоор менен Кара-Буура районунда 23 мектеп иштеп жатат.

А.Сулайманов атындагы орто мектепте учурда 351 окуучу билим алууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×