Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусуКара-Буура району 15.12.2016 16:17

Чолпонбай айылында жаңы ФАП курулуп жатат (фото)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Чолпонбай айылында фельдшердик-акушердик пункт курулуп жатат. Бул тууралуу айыл аймактын башчысы Таалай Асанбеков билдирди.

Анын айтымында, буга чейин жергиликтүү тургундар айылдын этегинде жайгашкан ФАПка барып, ден соолуктарын текшертип келишчү. Ага чейинки жол алыс болгондуктан көйгөй жаралчу.

Жаңы ФАПтын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 250 миң сом бөлүнгөн. Калган чыгымды демөөрчүлөр каржылап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×