Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусу, Талас 24.12.2016 14:01 На русском

Бүгүн Талас шаарында мыкты окуучулар арасында предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрү аныкталат (фото)

Turmush -  Бүгүн, 24-декабрда Талас шаарындагы Раиса Рысакова атындагы №2 орто мектебинде окуучулар арасындагы предметтик олимпиаданын шаардык туру өтүп жатат. Бул тууралуу Талас шаар, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мира Беренбаева кабарчыга билдирди.

Шаардык турга жолдомо алган 9 орто мектептеги 9-10-11-класстардын 250 окуучусу 9 сабак боюнча билимин сынайт. Окуучуларга берилген тапшырмаларды текшерүү, олимпиаданын жүрүшүн көзөмөлдөө үчүн Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан комиссия түзүлгөн.

Олимпиада кечке чейин уланып, жыйынтыгы чыгарылат. Шаардык турдан жеңип чыккан окуучулар облустук турга барууга жолдомо алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×