Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусу, Талас 12.01.2017 18:40

Таласта жаңы жылдан кийин төө буурчактын баасы 75 сомду түздү

Turmush -  Таласта жаңы жылдан кийин төө буурчактын килограммы 75 сомду түздү. Бул тууралуу төө буурчак сатып алуучулар билдиришти.

Алардын айтымында, былтыр ушул убакта төө буурчактын баасы 30-35 сом болгон. Ал эми күз айларында 50-55 сомдон бааланган.

«Жыл жаңырары менен төө буурчактын баасы 75 сомго көтөрүлдү. Себеби дыйкандардын көпчүлүгү күз айында эле төө буурчактарын сатып бүткөн. Мындан улам төө буурчакка болгон суроо-талап күчөп, баасы көтөрүлүүдө», - деди алуучулар.

Аймакты өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Казбек Медетбековдин маалыматына караганда, Талас облусунун дыйкандары 2016-жылы жалпы 52 миң 840 гектар жер аянтка төө буурчак эгишкен. Бул 2015-жылга салыштырмалуу 196 гектарга (53036) аз.

Мындан тышкары 2016-жылы өндүрүлгөн төө буурчактын 40 млн 169 миң 783 тоннасы дүйнөнүн 23 мамлекетине экспорттолгон. Анын ичинен Түркия мамлекетине 18919,6 тонна жиберилген. Ички рынокто 20-25 фирма жана жеке ишкерлер менен иштешкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×