Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусу, Талас 18.01.2017 09:20 На русском

Таластагы 39 мектепти 5 күндүк окуу планына өткөрүү аракеттери жүрүп жатат

Turmush -  Талас району менен Талас шаарындагы 39 мектепти 5 күндүк окуу планына өткөрүү аракеттери жүрүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга шаар-райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Байыш Керимбаев билдирди.

Анын айтымында, аталган аракеттер өкмөттүн токтомунун негизинде жүрүп жатат. Токтомго ылайык, Талас районундагы 29 мектеп менен 1 интернат-лицейде, Талас шаарындагы 9 мектепте 5 күндүк окуу системасы киргизилет. Аталган мектептердин айрымдары буга чейин эле 5 күндүк окуу процессине өтүп алган.

«Эми жалпы өткөрүп жатабыз. Бүгүнкү күндө мугалимдер менен жыйын өткөрүлүп, 6 күндүн сабак тизмегин 5 күнгө жылдыруу жүрүп жатат. 5 күндүк окуу процессине 9-класс кирбейт. Алар ишемби күнү да окушат», - деди Керимбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×