Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусу 26.01.2017 10:37

Талас районунун айыл өкмөттөрүнүн жаңы шайланган жетекчилеринин ысымдары

Turmush -  Кечээ, 25-январда Талас районундагы айыл өкмөттөрдүн башчыларын шайлоо башталды. Бул тууралуу Талас районунун акими Бакыт Нуржанов билдирди.

Анын маалыматына караганда, кечээ, 25-январда Бердике баатыр айыл өкмөтүндө шайлоо өтүп, жыйынтыгында мурдагы айыл өкмөт башчысы Мүзүрбек Борбашев кайрадан шайланды. Ошол эле күнү Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Анарбек Кушубеков шайланды.

Ал эми А.Нуржанов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Касым Исмаилов шайланса, Долоно айыл өкмөтүн мурдагы эле айыл өкмөт башчысы Тариэль Жоробеков жетектемек болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×