Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусуТалас району 02.02.2017 09:40

Жерүй алтын кени жайгашкан Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчылыгына К.Молдобеков шайланды

Turmush -  Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчылыгына КСДП партиясынын мурдагы координатору Кубанычбек Молдобеков шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, аталган кызматка Кубанычбек Молдобеков менен Султангазы Ибраимов талапкер болгон. Жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен Кубанычбек Молдобеков жеңишке жетишти.

Аталган айыл өкмөттө Жерүй алтын кени жайгашкан.

Жакында Талас районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Рустамбек Биримкулов шайланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×