Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Талас облусуБакай-Ата району 06.02.2017 09:08 На русском

Элдик уламыш: Көк-Таш айылынын аталышы тоо менен булактан улам коюлган (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Көк-Таш айылынын эң биринчи аталышы Кызыл-Жар колхозу болгон. Аймактык кабарчы элеттин таржымалын тактады.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, 1951-жылы 5 колхоз бириккенде Кызыл-Жар колхозу Үрмарал колхозу менен кошулган. 1960-1970-жылдардын ортосунда өзүнчө айыл болуп Көк-Таш айылы аталган. Ага айылдын үстүндө Көк-Таш деп аталган булак жана тоо жайгашкандыгы себеп болгон.

Айылда 3 көчө бар. Алардын узундугу 2 км түзөт. Айылда Эсен Дүйшеев атындагы орто мектеп, спорт комплекс иштейт. Элеттиктер негизинен дыйканчылык, мал чарбачылыгы менен алектенишет. Айылда Чоң-Колот панорамасы жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×