Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусу, Талас 08.02.2017 12:45

Таластагы студенттер европалык окуу жайлар менен таанышты

Turmush -  Кечээ, 7-февраль күнү Талас мамлекеттик университетиндеги студенттерге 1 жыл Германияда жана Хорватияда окуп келген студенттер европалык окуу жайларды тааныштырышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Алар атайын тасмалар менен өздөрү окуган университеттердин окуу системасы, кандай долбоорлор аркылуу барышканын түшүндүрүштү. Студенттер кызыккан суроолорго жоопторду алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×