Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусу, Талас 15.02.2017 09:49 На русском

Талас жана Кемин шаарларынын мэрлери 27-февралда шайланат

Turmush -  Талас жана Кемин шаарларынын мэрлерин шайлоо 27-февралда өтөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдагандай, жаңы шайланган Талас шаардык кеңешинин депутаттары 9-февралда биринчи сессиясын өткөрдү. Тиешелүү мыйзамдын негизинде БШК Талас шаарынын мэрин шайлоону 27-февралда саат 09:00дөн 12:00гө чейин белгиледи.

Кемин шаарынын мэрин шайлоо экинчи жолу өтөт. Буга чейин 10-февралда өткөн шайлоодо талапкер шаардык кеңештеги депутаттардын жетиштүү добушун топтой алган эмес. БШК Кемин шаарынын мэрин кайрадан шайлоону 27-февралда саат 09:00дөн 12:00гө чейин өткөрүүнү тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×