Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Талас облусу, Талас 17.02.2017 12:08

Талас шаарынын мэрлигине А.Шабданов жалгыз талапкер болуп катталды

Turmush -  Талас шаарынын мэри кызматына «Республика – Ата Журт» партиясынан Аскар Шабданов жалгыз талапкер болуп катталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, талапкерлерди каттоо мөөнөтү кечээ, 16-февралда саат 18:00дө аяктады. Мэрди шайлоо 27-февралда өтөт.

35 жаштагы Аскар Шабданов буга чейин Таластагы банктардын биринде жетекчи болуп иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×