Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуТалас району 20.02.2017 16:05

Бекмолдо айыл өкмөтүнүн 170 млн сому максаттуу пайдаланылып жатат, - айыл өкмөт

Turmush -  Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн 170 млн сому максаттуу пайдаланылып жатат. Бул тууралуу айыл өкмөттүн кызматкери Марат Стамалиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө 170 млн сомдун ичинен 138 млн 801 миң сом Талас аймактык казынанын балансында турат.

17-февралдагы жыйында Бекмолдо айыл өкмөтүнүн эли айткан суммага тендер аркылуу оруп-жыйнаган «Палессе» үлгүсүндөгү 2 комбайн, «МАЗ» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа алынып, Жумагул уулу Алымкул атындагы мектеп оңдолуп, отказаны алмаштырылган. Асылхан Бөрүбаев атындагы орто мектебинде да капиталдык оңдоо иштери аткарылган.

«Каражаттар буга катар эле Кеңеш жана Чоң-Токой айылдарына спорт залдын курулушунун архитектурасын чийүү үчүн жана башка маселелер үчүн коротулган. Менде тийиштүү документтер бар. Бары максаттуу пайдаланылган», - деди ал.

Аталган 170 млн сом Бекмолдо айыл өкмөтүнө Жерүй кенин иштеткен ишканадан түшкөн. Буга чейин жергиликтүү тургундар айыл өкмөттүн кызматкерлери аталган акчаны туура эмес пайдаланып жатканын билдиришкен болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×