Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусуТалас району 21.02.2017 08:27 На русском

Таластык А.Жолдошев Кыргызстандагы эң жаш айыл өкмөт башчыларынын бири болуп шайланды

Turmush -  Талас районунун Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 28 жаштагы Адилет Жолдошев шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, ал Кыргызстандагы эң жаш айыл өкмөт башчыларынын бири болуп калды. Анын талапкерлигин жергиликтүү кеңештин депутаттары бир добуштан колдоп беришти.

10986454_1444635629164430_174689401027640764_n

Адилет Жолдошев 1989-жылы төрөлгөн. 2005-2008-жылдары Бишкек шаардык финансы-экономикалык техникумун артыкчылык диплому менен аяктаган. 2008-2011-жылдары Чүй мамлекеттик университетинин экономика жана башкаруу факультетин аяктаган. 2012-2015-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика институтунун жарандык укук боюнча магистратурасын аяктаган.

2008-2009-жылдары банкта кызматкер, 2009-жылы ишканада каржы директор, 2009-2015-жылдары насыя берүүчү компанияда кызматкер, 2011-2017-жылдары Талас мамлекеттик университетинде мугалим болуп иштеген. 2017-жылы февраль айында Талас районунун Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Ошондой эле, эң жаш айыл өкмөт башчыларынын катарын Москва районунун Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жаңы шайланган жетекчиси 27 жаштагы Асылбек Нурбеков толуктады. Ал Москва районунда төрөлгөн. Учурда бойдок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×