Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусу, Талас 22.02.2017 09:07

Талас шаарында үчүнчү касапкана иштей баштады (фото)

Turmush -  Талас шаарында жеке ишкерлердин бири тарабынан заманбап касапкана ачылып, ишке кирди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Ишкердин айтымында, жакында касапканага муздаткычтар алынып келет. Союла турган мал касапкананын ветеринары тарабынан кароодон өтүп, этти сатууга же сатпоого тактама берилет. Учурда 2 бодо, 10го жакын жандык мал союлуп жатат. Касапканада 1 күндө 20 баш бодо мал союуга мүмкүнчүлүк бар.

Шаарда мындан мурда 2 касапкана ишке кирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×