Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусу, Талас 22.02.2017 10:27

Таласта «Buurchak Feast 2017» фестивалы өтөт

Turmush -  11-12-мартта Талас шаарында «Buurchak Feast 2017» фестивалы өтөт. Бул тууралуу АКИpress-Таластагы маалымат жыйында Талас ЖИА бизнес ассоциациясынын башкаруу кеңешинин мүчөсү Рустам Байгараев, Талас ЖИА бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Бектурсун Такелеевдер билдиришти.

Алардын айтымында, төө буурчакты өндүргөн жана экспортко чыгарган ири ишкана ишкерлердин башын бириктирүү менен алдыңкыларын аныктоо, төө буурчакты кыргыз ашканасында колдонуу багыттарын көрсөтүү, төө буурчактын үрөнүнүн сапатын жакшыртуу максатын көздөгөн фестивалды Талас ЖИА бизнес ассоциациясы менен Талас облусунун жетекчилиги уюштурат.

Иш-чарага чет өлкөлүк адистер да келиши мүмкүн. Анда, төө буурчактын Талас жергесине келип калуу тарыхы боюнча атайын маалыматтар айтылып, төө буурчактан даярдалган тамактардын жармаңкеси жана оюн-зооктор өтөт.

 
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×