Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусу, Талас 24.02.2017 15:29 На русском

Казакстандын Жамбыл облусунун башчысы К.Көкрекбаев Таласка иш сапар менен келди

Turmush -  Бүгүн, 24-февралда Талас облусуна Казакстандын Жамбыл облусунун башчысы Карим Көкрекбаев иш сапары менен келди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Аны Талас облусунун жетекчиси Даир Кенекеев тосуп алды. Облус башчылары социалдык-экономикалык байланыштарды, соода-сатык кызматташтыгын, суу чарба, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча пикир алмашты. Соңунда кызматташтык боюнча меморандум кабыл алынды.

Кабыл алынган меморандумга ылайык, Талас облусунун жетекчилиги айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, алдыңкы агротехнологияларды колдонуу менен айыл чарба жана мал чарба продукцияларын экспорттоого шарт түзүү, 2017-жылдын вегетациялык мезгилинде Киров суу сактагычынан сууну түзүлгөн графикке ылайык берип туруу, сууну туура жана так бөлүштүрүүнү көзөмөлгө алып, Жамбыл облусунун акимиаты менен макулдашылган тартипте Жамбыл облусунун аймагында Таластын айыл чарба товарларынын көргөзмөлөрүн уюштуруп туруу иштерин жүргүзөт.

Ал эми Жамбыл облусунун акимиаты аталган облуска кирип жаткан айыл чарба азык-түлүктөрүн жүктөгөн автокараванды тоскоолдуксуз киргизүүгө, жогоруда аталган көргөзмөлөрдү өткөрүүгө жардам берүүгө, аймакка тиешелүү «Кож» каналын тазалап, оңдоодон өткөрүүгө жана бүткөрүү иштерин жүргүзүүнү уюштурат.

Ошондой эле, эки облустун ортосундагы укук тартибин бекемдөөгө, мал уурулукка, наркобизнеске, кылмыштуулукка каршы күрөштү биргелешип жүргүзүү милдети коюлду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×