Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуТалас району 27.02.2017 11:55

Таласта окуучулардын предметтик олимпиадасы башталды

Turmush -  Бүгүн, 27-февралда Талас районундагы Ш.Жумагулов атындагы лицей-интернатта окуучулардын облустук предметтик олимпиадасы башталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Быйылкы олимпиадага облус аймагынан 237 окуучу катышууда. Олимпиаданы өткөрүүгө Талас мамлекеттик университетинин окутуучуларынан турган калыстар тобу түзүлдү. Олимпиада 2 күнгө созулуп, эртең жыйынтыгы чыгарылат. Жыйынтыгында республикалык олимпиадага барууга алдыңкы 34 окуучу укук алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×