Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусу, Талас 27.02.2017 12:18

Талас шаарынын мэри кызматына жалгыз талапкер А.Шабданов шайланбай калды

Turmush -  Бүгүн, 27-февралда Талас шаарынын мэри кызматына талапкер Аскар Шабданов мэр болуп шайланбай калды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

1

Шайлоого Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясы, БШКнын атайын өкүлү жана 27 депутат катышууда. Жашыруун добуш берүүнүн натыйжасында талапкерге 14 макул жана 13 каршы добуш берилди.

Шаар мэрлигине шайлануу үчүн 16 добуш алуу керек.

Буга чейин мэрлик кызматка «Республика – Ата Журт» партиясынан Аскар Шабданов жалгыз талапкер болуп катталган.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×