Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуКара-Буура району 28.02.2017 19:33

Бакыянда окуучулардын «Акыл ордо» таймашы өттү

Turmush -  Бүгүн, 28-февралда Кара-Буура районунун Бакыян айылындагы Эшенаалы улуу Сейитбек атындагы орто мектепте «Акыл ордо» таймашы өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Мектептин 11-классынын окуучусу Ынтымак Абазбековдун айтымында, таймашка 9-класстын окуучулары катышып, аларга өтүлгөн сабактар боюнча суроолор берилди. Жыйынтыгында 1-орунду Эсенбек уулу Бекзат, 2-орунду Рамис кызы Бакбү ээледи.

«Уюштурганыбыздын максаты - мектебибизди билим сапатыбыз менен өнүктүрүү жана жаштарды билимге тартуу», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×