Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусу, Талас 04.03.2017 11:22

Талас шаарынын мэри кызматына 2 талапкер катталды

Turmush -  Талас шаарынын мэри кызматына талапкерлерди каттоо кечээ, 3-мартта аяктады. Бул тууралуу БШКнын Талас облусундагы өкүлү Абылгазы Нусубалиев кабарчыга билдирди. Анын айтымында, белгиленген мөөнөттө эки талапкер керектүү документтерин тапшырган.

Алар:

- «Республика — Ата Журт» партиясы Талас шаардык кеңешинин мурунку чакырылыштагы төрагасы Жузупбеков Айдар Жапаровичти;

- «Кыргызстан» саясий партиясы Тургунбеков Насыр Токторовичти көрсөттү.

Талас шаарынын мэрин шайлоо 13-мартка белгиленген.

Буга чейин 27-февралда Талас шаарынын мэри кызматына жалгыз талапкер Аскар Шабданов мэр болуп шайланбай калган. Биринчи шайлоого Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясы, БШКнын өкүлү жана 27 депутат катышкан.

Жашыруун добуш берүүнүн натыйжасында «Республика – Ата Журт» партиясынан көрсөтүлгөн талапкерди 14 депутат колдоп, 13 эл өкүлү каршы чыккан. Шаар мэрлигине шайлануу үчүн талапкер 16 добуш алышы керек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×