Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусуТалас району 06.03.2017 15:41

Талас районунда флюрография аппараты иштебейт

Turmush -  2016-жылда Талас районунда кургак учук менен жабыркаган 54 адам аныкталып, дарылануудан өткөн. Бул тууралуу райондук администрациянын социалдык бөлүмүнүн башчысы Бакыт Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, бул оору көбүнчө коомдун аялуу катмарынын өкүлдөрүнөн табылат. Алардын туруктуу жашаган үйү жок болгондуктан дарылоого кедергиси тийип жатат. Ичкилик ичкен адамдар көп учурда дарылануу эрежесин туура сактабай кетип калган учурлар бар. Айрым адамдар дарылануудан такыр эле баш тартышат.

Талас райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун фтизиатр дарыгери Дамира Байсабаева бул дарт менен күрөшүүдө медиктер эле эмес, жергиликтүү бийлик, коомчулук да жардам бериши керектигин белгиледи.

Аталган райондо флюрография аппараты да иштебей турат. Аталган аппарат 6 млн сом турат. Аны алуу үчүн «Талас өнүгүү» фонду менен иштешүү сунашталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×