Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуБакай-Ата району 10.03.2017 09:56

Бакай-Атада 2-класстын окуучуларынын олимпиадасы өттү (фото)

Turmush -  Кечээ, 9-мартта Бакай-Ата районундагы Б.Сатыбеков орто мектеби менен Чалдыбар мектеп-гимназиясынын 2-класстарынын окуучулары кыргыз тил жана адабият сабагынан билимдерин сынашты.

Мелдешке эки мектептен үчтөн окуучу катышты.

«Окуучуларга алгач кыргыз тилден жат жазуу жаздырып, мүнөткө ченеп окутуп, түшүнгөнүн айттырабыз. Жат жазууда каталарына, кол жазмалардын сулуулугуна карасак, окуу сабагынан түшүнүктөрүн туура жана так айтып бергенине карап баалайбыз. Мелдешти эки мектептин окуучуларынын билим деңгээлдерин текшерүү максатында уюштурдук», - деди Б.Сатыбеков мектебинин башталгыч классынын мугалими Мээрим Муратбекова.

Жыйынтыгында 1-орунду Чалдыбар мектеп-гимназиясынын окуучусу Сабина Тагаева ээлесе, 2-орунду Б.Сатыбеков мектебинин окуучусу Адахан Муратов ээледи. Жеңген окуучуларга кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×