Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусу, Талас 10.03.2017 17:03

Таласта «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашынын облустук туру өттү

Turmush -  Бүгүн, 10-мартта Талас шаарында «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашынын облустук туру өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Уюштуруучулардын айтымында, таймашка жалпысынан райондордон жана шаардан 8-9-10-класстардын 8 командасы катышкан. Калыстык кылуу милдети филология илимдеринин кандидаты, эл аралык «Манас таануучулар» ассоциациясынын төрагасы, манасчы Талантаалы Бакчиевге, КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы Абдыжапар уулу Мундузбекке, «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашынын автору Кундуз Амановага жана башка манасчыларга жүктөлдү.

Жыйынтыгында Бакай-Ата районунан келген «Шаймерден» тобу менен Кара-Буура районунун Т.Бабанов атындагы лицейинен келген «Ак-Тилек» тобу республикалык таймашка жолдомо алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×