Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусу 11.03.2017 16:19

Таластык жалгыз бой эне 27 жаштагы оорулуу уулуна бөйрөгүн берүүгө даяр

Turmush -  Талас районунун Чкалов айылынын 27 жаштагы тургуну Султанбек уулу Азамат бөйрөк оорундан улам учурда атайын аппараттын жардамы менен жашап жатат.

Анын апасы Рыс Эшалиеванын айтымында, баласы 6 жылдан бери оору менен алышып жатат. Учурда Бишкек шаарында Республикалык ооруканада дарыланууда жатат.

«Уулумдун эки бөйрөгү иштебей ооруга чалдыккан. Учурда уулумдун бөйрөгүн алмаштыруу керек. Убакыт өтүп жатканына байланыштуу денесин шишик басып бооруна келип жатат. Кан басымы 170-200гө чейин көтөрүлүп кетет. Ушундай учурунда жүрөгү көтөрө албай кетет.

Бөйрөгүн алмаштырууга өзүмдүн бөйрөгүмдү берейин десем дарыгерлер менин бөйрөгүмдү жаратпай жатышат. Бөйрөгүн алмаштыруу үчүн чет мамлекетке барышыбыз керек экен. Ал жака барып келүү үчүн 20 миң доллар керектигин айтышты. Өзүм жалгыз бой эне болгондуктан андай каражат таба албай жатам.

Уулумдун дары-дармегине ай сайын 15 миң сом кетет. Баламдын ичиндеги витаминдерин барын аппарат жок кылып салгандыктан кальций ичип келет», - деди ал.

Эне менен бала кайрымдуу адамдардан жардам күтүшөт.

1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×