Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуКара-Буура району 13.03.2017 13:45

Кара-Буурадагы англис тилин үйрөткөн борборго айылдардан келип билим алышат (фото)

Turmush -  Кара-Буура районундагы англис тилин үйрөткөн борборго айылдардан келип билим алышат.

Аталган борбордун директору Эрна Батырбаеванын айтымында, учурда алардан 129 адам билим алып жатат. Алардын арасында окуучулардан тартып, мамлекеттик кызматта иштегендер бар. Билим алуучулардын тил өздөштүрүүсү 1 айда 1 жолу текшерилип, алдыңкыларына белектер тапшырылып турат.

Борбордо учурда 5 мугалим билим берет. 5 этаптан турган окуу аяктаган соң билим алуучуга атайын сертификат берилет. Мындай борбор жакында Талас шаарында да ачылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×