Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусу, Талас 13.03.2017 15:38

Талас шаарынын жаңы шайланган мэри А.Жузупбековдун эмгек жолу

Turmush -  Бүгүн, 13-мартта Талас шаарынын мэри болуп Айдар Жузупбеков шайланды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, жашыруун добуш берүү менен өткөн шайлоого шаардык кеңештин 31 депутатынын 30у катышып, Айдар Жузупбековго 24 макул, каршы 6 добуш берилди. Жыйынтыгында Айдар Жузупбеков Талас шаарынын мэри болуп шайланды.

1

Аты-жөнү: Жузупбеков Айдарбек Жапарович

Туулган жылы: 1968-жылдын 10-апрели

Жашаган жери: Талас шаары

Улуту: кыргыз

Билген тилдери: кыргыз, орус

Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү

Билими: Жогорку. К.Скрябин атындагы кыргыз улуттук агрардык университетин аяктаган

Сыйлыктары: Аскердик кызматтагы каармандыгы үчүн II даражадагы сыйлык, ӨКМден «ӨРТК каршы мамлекеттик кызматына 85 жыл» мааракелик медалы

Иш тажрыйбасы:

- 1985-1986-жылдары Киров районундагы Киров атындагы колхоздо иштеген;

- 1986-1993-жылдары К.Скрябин атындагы кыргыз улуттук агрардык университетинин студенти;

- 1987-1989-жылдары Советтик армияда кызмат өтөгөн;

- 1993-1995-жылдары Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы «Капал» ишканасында инженер;

- 1995-1998-жылдары «Капал» ишканасынын башкы инженери;

- 1998-2007-жылдары жеке ишкердик менен алектенген;

- 20017-2010-жылдары Талас шаарындагы «Эмгекчил» муниципалдык ишканасынын жетекчиси;

- 2010-жылдын февралынан сентябрь айына чейин Талас шаардык коммуналдык кызмат муниципалдык ишканасынын жетекчиси;

- 2008-2010-жылдары Талас шаардык кеңешинин депутаты;

- 2010-жылдан 2017-жылга чейин Талас шаардык кеңешинин төрагасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×