Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуТалас району 14.03.2017 13:16

Таластагы мал базар иретке келтирилбесе жабылышы мүмкүн (фото)

Turmush -  30 жылдан бери иштеп жаткан Талас шаары менен Талас районунун чегиндеги мал базарды иретке келтирүү керек.

Соода кылгандардын айтымында, бул маселе буга чейин да бир топ жолу көтөрүлгөн. Бирок, жыйынтык чыккан эмес.

Талас районунун акими Бакыт Нуржанов баштаган тиешелүү тармактардын жетекчилери, бул багытта түзүлгөн комиссия аталган мал базардын акыбалы менен таанышып чыгышты.

«Мал базардын унаа токтотуучу жайларын иретке килтирип, айланасына кум-шагыл төгүп, мал киргизүүчү кошумча эшиктерди ачуу багытындагы маселелер айтылды. Мындан тышкары, мал базардын айланасындагы тамак-аш сатуучу жайлардын санитардык талапка жооп бербегени дагы сынга алынды. Ашканалар мал базардан 100-150 метр алыстыкта жайгашуусу керек. Бүгүнкү күндө мындай эреже сакталбай келет», - деди аким.

Мал базардын жетекчилиги базардагы башаламандыкты эл жаратып жатканын, мал сатуучулар эч кандай тартипке көнбөй турганын, буга чейинки аракеттерден жыйынтык болбогондугун билдиришти.

Ал эми, мал базарда тамак-аш саткан ашпозчулар атайын ашкана болсо ошол жерде соода кылууга макул экенин, бирок азыр андай ашкана жоктугун белгилешти. Базарга мал жүктөп келген унаалар базардын аймагындагы көлчүктөргө тыгылып токтоп турат. Андай шартта унаага мал жүктөп же түшүрүү чоң убаракерчиликти жаратат.

Райондук администрациянын алдында түзүлгөн комиссия мал базардын жетекчилигине базарды иретке келтирүү боюнча бир катар сунуштарды берди. Район акими Б.Нуржанов коюлган талаптар аткарылбаса, тиешелүү органдарга кайрылуу жасалып, мал базарды жаап салууга чейин бара турганын белгиледи.

2017-жылдын январына карата облус аймагында 66 миң 911 баш бодо мал, 537 миң 555 жандык мал, 25 миң 311 жылкы катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×