Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуБакай-Ата району 14.03.2017 14:10 На русском

Таластагы мектептеги чатак: Кургак учук менен ооруган мугалим окуучуларга 19 күн сабак берген (видео)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылындагы Акчал уулу Дүйшөн атындагы орто мектебинин мугалими кургак учук оорусунун ачык түрү менен ооруганына карабай, мектепте 19 күн иштегени боюнча чатак чыкты. Бул тууралуу ата-энелер билдиришти.

Алардын айтымында, кургак учук менен ооруган мугалим мектеп директорунун жолдошу болгон. Бул маселе өткөн аптада ата-энелердин чогулушунда талкууланды.

Райондогу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борбордун башкы дарыгери Азира Сапаеванын айтымында, директордун жолдошу К.Н. ар бир ай сайын рентгенге түшүп жатат.

«Анын өпкөсүнөн патология табылып, рентгенолог дарыгер фтизиатрга жөнөткөн. Буга карабай, ал мектепке ишке 19-сентябрга чейин барып жүргөн. Андан кийин ал дарылануу үчүн Бишкекке кеткен. Ал жактан ага кургак учук деген диагноз коюшкан. Ал ошондон кийин дарылана баштады», - деди ал.

Мектептин директору Калима Көкчолокова аны уруксаты жок адамды мугалим кылып иштеткени үчүн айыптап жатканын айтты.

«Өзүңөр билгендей, мугалимдер окуу жылынын башында текшерүүдөн өтүшөт. Кимдир бирөөлөр шартына жараша кийинчерээк өтөт. 1-октябрга чейин дагы уруксатты алып келип жаткан мугалимдер болду. Бир эле менин жолдошумдун 19-сентябрга чейин уруксаты болгон эмес. 19-сентябрда анда шектүү бир нерсе бар экендигин, текшерилүү керектигин айтышкан. Башында бронхит деп ойлогонбуз. Андан кийин фтизиатр дарыгер анализге какырык тапшырууну сунуштады. Бул үчүн дагы 2 жума убакыт кетти. Бул убакытта ооруканага жатып тур десе жолдошум баш тартып, дароо Бишкекке кетип калды. Ал Бишкекте жүргөндө 2 жумадан кийин анализдин жыйынтыгы белгилүү болду. Андан кургак учук табылып, дароо ооруканага жаткырышты. Ал 4-октябрдан 8-декабрга чейин ооруканада дарыланды», - деди ал.

Директор жолдошу 20-сентябрдан тарта мектепке келбегенин кошумчалады.

Акчал уулу Дүйшөн атындагы мектепте 1164 окуучу билим алып, 80 мугалим эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×