Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусу, Талас 17.03.2017 17:28 На русском

Талас шаарынын мэри А.Жузупбеков кызматына расмий түрдө киришти (фото)

Turmush -  Бүгүн, 17-мартта Талас шаарынын жаңы шайланган мэри Айдар Жузупбеков кызматына расмий түрдө киришти. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, аны Талас облусунун жетекчисинин орун басары Чолпон Төрөкулов, БШКнын Талас облусундагы атайын өкүлү Абылгазы Нусубалиев, Талас шаардык кеңешинин төрагасы Мирлан Эсенкулов, депутаттар жана шаардын жашоочулары куттуктап, ак калпак жана чепкен кийгизишти.

Ошондой эле, мурдагы мэр Анарбек Кушубековду чепкен, суусар тебетей кийгизип узатышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×