Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусу, Талас 28.03.2017 18:52

Талас шаарында азык-түлүктүн баасы кандай? (баалар)

Turmush -  Талас шаарында азык-түлүктөр өткөн жылга салыштырмалуу кымбаттады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга сатуучулар билдиришти.

Эт саткан Эсен Мамытовдун айтымында, былтыр кой этинин килограммы 260 сомдон сатылса, быйыл 290 сомдон сатылууда.

- Учурда уй этинин килограммы - 280 сом;

- Жылкы эти - 280 сом;

- Кой эти - 290 сом;

- Чучук - 450 сом.

Жашылча-жемиштерди саткан Мааникүл Дөнөнбаеванын айтымында, 1 кг картошка жазга чейин 15 сомдон сатылса, азыр 25 сомдон сатылып жатат.

- Картошка - 25 сом;

- Пияз - 20 сом;

- Капуста - 20 сом;

- Түрп - 30 сом;

- Сабиз - 20-25 сом;

- Сарымсак - 250 сом;

- Калемпир - 250 сом;

- Кызылча - 35 сом.

Ал эми, Нуриса Байсалова бадыраңдын 1 кг 80 сомдон 120 сомго чейин сатып жатат.

- Помидор - 130 сом;

- Алма - 70 сом;

- Анар - 180 сом;

- Жүзүм - 280 сом;

- Лимон 1 даанасы - 20 сом.

Ун сатуу менен алектенген Белек Осмоналиев 1-сорттогу ундун мүшөгүн 1200 сомдон, 2-сортогу унду 850 сомдон сатып жаткандыгын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×